Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Камчыбек Ташиев мыйзамсыз курулуштарды бузууда этият болууга чакырды


Ош шаарында буздурулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар.
Ош шаарында буздурулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийликтин жетекчилерине кайрылып, айыл-аймактарда мыйзамсыз делген курулуштарды бузууда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, там-ташы буздурулгандарга шарт түзүп берүү керектигин билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы 11-августта Ош шаарынын мэриясына атайын техникаларды тапшыруу учурунда айтты.

“Урматтуу, жетекчилер адамдын үйүн бузарда ал менен сөзсүз сүйлөшкүлө. Ал да өзүнүн эмгеги, күчү менен үй салган. Аларга башка жактан жер, үй берип, анын жери мамлекетке зарыл экенин түшүндүрүш керек. Кечээ бир, эки жерде айтпай-дебей эле үйлөрүн бузуп киришкен. Президент да “мындай туура эмес” деп атат. Ал билбей, мыйзамды бузуп салып алдыбы баары бир ошол жерде жашап атат да. Аны талаага кууп жибербеш керек”, - деди Ташиев.

Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат.

Жакында эле Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган үйлөрдү буздуруу учурунда чыр чыгып, жолду мыйзамсыз тоскон деген айып менен беш адам 10 күнгө камалган. Мындан тышкары, 17 киши милицияга жеткирилип, протокол түзүлгөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) сөз болуп жаткан аймактагы жерлерге турак жай салууга мыйзамсыз уруксат берген деген кине менен төрт адамды кармап, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып койду. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG