Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:09

Мал-жандыкты сыртка ташууну убактылуу токтотуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ири мүйүздүү малды, жылкыны жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу сунушун берди.

Министрлик тиешелүү буйрук өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааны турукташтыруу максатында иштелип чыкканын билдирди.

Кыргызстанда быйыл эттин баасы кымбаттап кетти. Май айында Улуттук статистика комитети январдан бери уйдун этинин баасы 6%, койдун эти 10,9% жана жылкыныкы 7,1% жогорулаганын билдирген. Ушундан улам Министрлер кабинети эттин баасына көзөмөл киргизүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстан 2024-жылы Өзбекстанга эле 130 миңден ашуун бодо мал, миңден ашуун жылкы, 233 миң кой-эчки экспорттогон. Өлкөдө эт кымбаттаганда мал-жандыкты сыртка ташууга убактылуу чектөө киргизилип турат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG