Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Көк-Жар конушу: "Үйүм бузулду, күйөөм абакта"


Көк-Жар-2 конушунда бузулган үйлөр.
Көк-Жар-2 конушунда бузулган үйлөр.

Бишкектин Көк-Жар-2 конушунун 172-контурунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши Октябрь райондук сотунун чечими менен 10 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.

Ушул апта башында мэрия Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулган бир канча объекттерди буза баштаган. Буга жергиликтүү тургундар нааразылык билдиришкен.

Милиция мындан кийин Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жол бууган 20дан ашуун адамды кармаганын кабарлаган.

Көк-Жар-2 конушунун тургуну Бактыгүл Култаеванын миграцияда жүрүп курган үйү бузулган. Анысы аз келгенсип, күйөөсүнүн камалып кетишине кабыргасы кайышып турган кези.

Бактыгүл Култаева
Бактыгүл Култаева

"Миграцияда иштедик, ары-бери урунуп төрт жылда бир үй салдык. Көчүп келгенибизге алты ай гана болгон. Тапкан-ташыганыбызды ушул үч бөлмө үйгө чаптап жатканбыз. Бизге эскертпей эле үйдү буза баштаганда жолдошум барган. Бирок жолду бууган эмес. Камалган беш кишинин ичинде ал дагы бар. Күйөөм машине айдап, баарыбызды багып жаткан. Азыр эмне кыларымды билбей айлам куруп турат".

Камакка алынган беш кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (“Жолдорду мыйзамсыз тосуу”) менен айып коюлду. Калган 17 адамга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 128-беренеси (“Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө”) менен протокол түзүлгөн.

Көк-Жар конушунун тургундарынын укугун коргогон жактоочу Алмамбет Бексултанов бул чечим тууралуу мындай деди:

“Бул өтө оор кылмыштарга кирбейт. Алар качып кетсе, тек-жайы ырасталбаса, жашаган жери жок болсо камаса болот эле. Бирок, баарын тактап бергенибизге карабай камап коюшту. Камалгандардын биринин аялы жок. Анын ДЦП менен ооруган баласы кошуналарда калды, экинчисинин үч баласы, 1,5 миллиондук насыясы бар. Үчүнчүсүнүн кош бойлуу аялы ооруп жатат. Төртүнчүсү улгайган эже. Баары эле карапайым адамдар”.

Көк-Жар конушунда бузулган үйлөр.
Көк-Жар конушунда бузулган үйлөр.

Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү гана мыйзамдаштырса болорун билдирген. Аталган коунштун №172 контурунда 385 курулуш барын, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген.

Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтышууда.

Көк-Жар конушунда бузулган үйлөр.
Көк-Жар конушунда бузулган үйлөр.

Эмерек жасоочу цехи жана чакан ашканасы бузулган ишкер Ислам Оморов мэриянын кишилери күтүүсүз эле келгенин айтууда.

"Бул жагыбыз дүкөн, башкасы эмерек чогулткан, темир ширеткен цех эле. Баары биригип 50 сотых жер. 2018-2019-жылдары байкем бирөөдөн сатып алган. Ага чейин айыл чарба жери болгон экен. Эл катары салганбыз. Биз келгенде суу жок, такыр жер эле. Союз ыдырагандан кийин бул жерге эч нерсе айдалбаптыр. Анан шейшемби күнү эч бир эскертүүсүз келип, алды жагын талкалашты. Шаршемби келип, арт жагын бузду. Ага чейин же соттон, же өздөрүнөн эскертүү алган эмеспиз. Мөөнөт сурасак, ага дагы карабады. Мээнетиң талаага кетсе, ичиң ачышат экен. Ар жагын үй катары жашайбыз деп салып жатканбыз. Анын ремонту бүтүп калган. Бузарга жакын айтса, жок дегенде темирин чыгарып алат элек".

Конуштун дагы бир тургуну Аман Кудайберди уулунун үйү бузула турган объекттердин катарында. Ал буга чейин дагы жер мафиясына бир канча жолу алданганын, эми эптеп салган үйүнөн ажырап калса бара турган жери жок экенин айтты:

"Бул жерде жашаган бала күндүз жумушта болчу. Балдары үйүндө отурса, эч кандай эскертүүсү жок келип үйүн талкалап киришти. Канча деген эмгек талаага кетти. Азыр курулуш материалды ансыз деле кымбат. Мэрия буга чейин текшерип, кызыл китеп беребиз деп убада берген. Анан элди алдап туруп бузуп жатпайбы. Мен 2019-жылы жерди сатып алгам. Документтер бар. Өзүм 18 жыл батирде жашагам. Эптеп үйлүү болсом, бузганы жатышат. Буга чейин төрт жолу жер мафиясына алдангам. Эмне үчүн мурда айтышкан жок эле? Эми бир гана үмүтүбүз президентте. Айкөлдүк кылып карап берет деп ойлойбуз. Биз жерди басып алган эмеспиз, баары сатып алган. Териштирсе эле чыгат".

Мэрия айрым үйлөрдү бузгандан кийин конуш тургундары 7-августта "Акипресс" агенттигине барып, бийлик башчыларына кайрылуу жолдогон. Алар бийликтен турак жайын буздурбоону суранууда.

"Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, элдин үнүн угат, элди ойлоп чечим чыгарат деп ишенебиз. Эки күндө болуп иш - бул акимчиликтин жана мэриянын кемчилиги. Үйсүз калтырбайт үмүттөнүп, сиздерди күтүп жатабыз. Келип берүүңүздөрдү суранабыз".

Ал арада Бишкек мэри Айбек Жунушалиев мыйзамсыз делип үй-жайы бузулгандардын маселесин чечүү үчүн президентке сунуш бергени маалым болду.

Ага ылайык, кыска мөөнөттө көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүү, адилеттүү кезек түзүү, анын ичинде ипотекалык насыянын ийкемдүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгү каралат.

Айбек Жунушалиев.
Айбек Жунушалиев.

"Муниципалитет мыйзамсыз объектилерге каршы күрөштүн алкагында жарандардын маселелерин жеке кароо жана үйлөрүнөн ажырагандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайт".

Мэрия бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниясы аркылуу Түндүк айланма жолун реконструкциялоодо үйлөрү толугу менен бузулган 18 жаранга батирлер берилип, дагы 13 жаранга мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир берүү иштери жүрүп жатканын белгилеген.

Шаар бийлиги 2025-жылдын январь-июль айларында 6300дөн ашык объект бузулуп, 80859 чарчы метр муниципалдык жер бошотулганын кабарлады.

Көк-Жар-2 конушундагы үйлөрдүн бузулушу коомчулукта түрдүү талкуу жаратты.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына мэрияны Ататүрк сейил багына салынган үйлөргө тийише албай, карапайым элдин эптеп салган турак жайын бузганын сынга алды.

"Ошол участкаларды саткандар жоопко тартылыштыбы?
Ошол участкаларга документ жасашып, уруксат бергендер кимдер? Эмнеге тандалма мамиле болуп, талап баарына бирдей болбой жатат? Башканы айтпаганда да, эмнеге Ата-Түрк сейил багына салынган особняктарга эч ким даап тийише албай жатат? Ал особняктар улуттун "каймактары болушкан доо-шааларга" тиешелүү болгону үчүнбү?".

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде Ататүрк паркынан турак жай курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.

Ошондой эле 1992-жылы 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, учурунда тилкени мыйзамдуу сатып алганын, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын билдиришкен.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG