8-августта Армения менен Азербайжандын лидерлери АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолукканда тынчтык келишимине кол коюшту. Ондогон жылдан бери араздашып келген эки кошуна Вашингтондун ортомчулугу менен дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүүнү макулдашты.
"Алар 35 жыл согушту. Эми достор", - деди Трамп Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер‑министри Никол Пашинян менен жолукканда.
Пашинян менен Алиев америкалык лидерди Нобел Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрүштү.
Макулдашууга ылайык, АКШ Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөнү алып салат. Вашингтон Баку жана Ереван менен энергетика, соода, жасалма интеллекти өнүктүрүү багытында кызматташат.
Армениянын аймагы аркылуу өткөн Зангезур коридорунун тилкеси америкалык компанияга 99 жылга берилет. Бул транзиттик коридор "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу" (Trump Route for International Peace and Prosperity - TRIPP) деп аталат.
Reuters агенттиги кабарлагандай, тынчтык макулдашуусу он жылдап созулган куралдуу жаңжалдан кийин Армения менен Азербайжан ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдоону, энергетика, технология, соода, инфраструктураны өнүктүрүү, чек араларда коопсуздукту камсыздоону камтыйт. Ошондой эле 1992-жылы Карабактагы жаңжалды жөндөө үчүн түзүлүп, Франция, Орусия жана АКШ жетектеген Минск группасын таратат.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев АКШнын менен дагы бир катар документтерге кол коюшту.
Макулдашууга ылайык АКШ Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөнү алып салат. Вашингтон Баку жана Ереван менен энергетика, соода, жасалма интеллекти өнүктүрүү багытында кызматташат.
Алиев менен Пашиняндын АКШ сапары
Пашинян ушу тапта Вашингтондо жүрөт. 7-августта ал Ыйык Библия музейине барганын басма сөз кызматы кабарлады.
АКШда иш сапары менен жүргөн Пашинян Трамп менен эки тараптуу жолугушуу, Трамп менен Алиевдин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрө турганы 6-августта белгилүү болгон. Бул жолугушуулар “аймактагы тынчтыкты, өнүгүүнү жана экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүнү көздөйт" дейт анын басма сөз кызматы.
Анткен менен, 7-августта Трамп социалдык тармакка жазганга чейин, үч өлкөнүн тең лидери тынчтык келишимине кол коюлары тууралуу так жана расмий билдирүү жасаган эмес.
Бул экономикалык келишимдер Түштүк Кавказ аркылуу өтүүчү стратегиялык транспорт коридорун кайра ачууну көздөшү мүмкүн. Коридор 1990-жылдардын башынан бери жабык турат.
ЖМКга аты-жөнүн атоодон баш тарткан америкалык аткаминер бул келишимдер АКШга Зангезур коридорун ижарага алууга укук берерин айткан.
Коридор Азербайжанды Нахичеван аймагына туташтырат, бул аймакты өлкөдөн Армениянын 32 чакырымдык тилкеси бөлүп турат. Коридордо келечекте темир жол, мунай жана газ куурлары, оптикалык була байланыш линиялары курулмакчы. Өтмөк аркылуу адегенде жүктөрдү, кийин адамдарды да ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Келишимге ылайык, транзиттик коридордун курулушун АКШ каржылабайт, бул милдетти жеке компаниялар аткарууга тийиш. Келишим жыл башында АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Бакуга келип кеткенден кийин жана тараптардын андан берки сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жетишилди.
Согуштан кийинки алака
Армения жана Азербайжан 1991-жылы СССР кыйрап, көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Тоолуу Карабак аймагын талашып келди.
Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн 2020-жылдагы куралдуу жаңжалынан кийин талаштуу аймактан этностук армяндар жапырт чыгып кеткен. Кошуналар андан бери алаканы оңдоо үчүн олуттуу кадамдарды жасады. Ереван расмийлери учурда Карабакты Азербайжандын суверендүү аймагы катары таанып жатышат.
Эки тараптуу көп жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин даярдалган тынчтык келишимине эл аралык чөйрө жогору баа бергени март айында белгилүү болгон. Ага карабай документке кол коюла элек.
Баку документке кол коюу алдында Армениянын Конституциясынан Эгемендик декларациясына шилтемени алып салууну талап кылган. Советтик Армения менен Тоолуу Карабактын мыйзам чыгаруучу органдарынын 1989-жылкы биригүү актысын тааныган декларация 1990-жылы кабыл алынган. Азербайжан Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобун таркатуу талабын да койгон. АКШ, Франция жана Орусия башында турган бул топ Тоолуу Карабак жаңжалын сүйлөшүү жолу менен чечүүнү көздөгөн эл аралык жалгыз ортомчу.
Армения эки талапка тең макул болгону менен жакынкы жылдары жаңы Конституцияны кабыл алуу өлкөнүн ички иши бойдон калышы керек деп эсептейт. Ереван мындан тышкары ЕККУга Минск тобун таркатуу жөнүндө биргелешкен кайрылууну тынчтык келишимине кол коюлган учурда жолдоо керек деген позицияда турду.
Чек ара көйгөйлөрү
2024-жылдын жаз-жай мезгилинде Армения менен Азербайжан эл аралык коомчулук кубаттаган дагы бир дипломатиялык кадамга барды. Кошуналар түндүк чек арадагы 13 чакырымдык тилкени тактап, биринчи жолу делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүштү. Мындан кийин Армениянын аскерлери 1990-жылдардын башында эки өлкө согушканга чейин Советтик Азербайжанга караган, жашоочулары жок төрт айылдан чыгып кетти.
Эки тарап тең делимитациялоо жана демаркациялоо процессин улантууга макул болгону менен өткөн жылы чек аранын башка бөлүктөрүндө эч кандай жылыш болгон эмес. Армения бул аймактарда Азербайжан анын 200 чарчы чакырымдан ашуун жерин басып алганын белгилеп келет.
Армян оппозициясы талаштуу чек араны демаркациялоо ишин жана Еревандын дипломатиялык кадамдарын "капитуляция" деп сындап, Пашиняндын отставкасын талап кылган. 2024-жылдын май-июнь айларында миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары жана митингдер өткөн. Пашинян өкмөттүн Азербайжан менен туруктуу тынчтыкты көздөгөн саясатын эл колдорун билдирген.
Зангезур коридору
2020-жылы Тоолуу Карабактагы 44 күндүк согушту токтотуу үчүн Москванын ортомчулугу менен кабыл алынган келишимде Армения төмөнкүдөй милдеттенме алган:
“Азербайжандын негизги аймагы менен анын батыш эксклавы Нахичеванды байланыштырган транспорттук жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу жана эки багытта тең жарандардын, транспорттун жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүү”.
Армения "транзиттик жол кандай болбосун, ал кеңири регионалдык тоскоолдуктарды жоюу жараянынын алкагында каралышы керек жана өлкөнүн эгемендиги, юрисдикциясы, аймактык бүтүндүгү сакталышы шарт" деп белгилеп келет.
Ереван расмийлери “экстра территориалдык коридор” түшүнүгүн четке кагып, муну Азербайжандын тымызын "аймактык доосу" катары мүнөздөшкөн.
2024-жылы бир чечимге келе албаган Азербайжан жана Армения байланыш маселесин жалпы тынчтык келишиминен өзүнчө карамай болушкан.
2020-жылдагы ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, Армения менен Азербайжандын ортосундагы транспорттук жолдорго көзөмөл жүргүзүү милдети Орусиянын Федералдык коопсуздук башкармалыгына караштуу чек ара кызматына жүктөлгөн.
Бирок, 2023-жылдын сентябрында Азербайжан чабуул койгондо Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактагы этностук армяндарды коргой алган эмес. Мындан кийин Армения Москвадан алыстап, Батыш өлкөлөрүнө ыктай баштаган.
АКШнын ролу
Жолго байланыштуу сүйлөшүүгө АКШнын катышуусу мүмкүн деген кеп Пашинян менен Алиев 10-июлда Абу-Дабиде жолуккандан кийин чыккан. Беш саатка созулган сүйлөшүүдө байланыш маселеси да талкууланган.
АКШнын Түркиядагы элчиси Томас Барак белгилегендей, Вашингтон Түштүк Кавказдагы эки өлкөгө транспорттук байланыш үчүн 100 жылдык ижара сунуштаган.
"Алар (Армения менен Азербайжан) 32 чакырым жолду талашып жатат, бул тамаша эмес", - деген Томас Барак 11-июлда Нью-Йоркто."32 чакырым жол үчүн талаш он жылдан бери токтой элек".
Пашиняндын басма сөз катчысы Назели Багдасарян ижара идеясын четке каккан, бирок 16-июлдагы маалымат жыйында Армениянын премьер-министри АКШ адамдар менен жүктөрдүн Сюник аркылуу өтүшүнө "америкалык компания көз салсын" деп сунуш киргизгенин ырастады.
Багдасарян Еревандын Сюник аркылуу өтүүчү маршрутун башкарууну үчүнчү тарапка, анын ичинде америкалык компанияга же жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканага "тапшырууга" даяр экенин ишарат кылды. Ошол эле учурда, Армения Иран менен чектеш жалгыз аймакта эгемендигин сактап калууга тийиш экенин белгиледи.
"Биз темир жана автоунаа жолдору тууралуу көп сөз кылабыз, бирок бул контекстте мунай-газ куурлары, электр линиялары, телекоммуникация кабелдерин да эске алып жатабыз, ал башкарууну жана курулушту талап кылган инфраструктура", - деди ал.
Алиев июль айында "азери жүк ташуучулар жана жарандар бул жерден армян чек арачыларынын же башка бирөөнүн жүзүн да көрбөшү керектигин" айткан.
"Биздин жарандар менен жүктөр тоскоолдуксуз өтүшү үчүн коопсуздук чаралары толук кепилдениши шарт", - деген азери президенти.
Армения өкмөтү бул талаптарды четке каккан. Бул өлкөдөгү оппозициялык партиялар аймактагы бардык жолдорду ачуу боюнча диалогго барууну сунушташууда. Алар Арменияны "блокадага алууну токтотуу керек" деп эсептешет.
Аймактагы оюнчулардын реакциясы
Туруктуу тынчтыктын орношу жана Армения аркылуу транзиттик маршруттун ачылышы мунайга жана газга бай Кавказ, Борбор Азия чөлкөмүн Европага туташтырып, Орусия менен Иранды айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Орусия жана Иран Армениянын стратегиялык мааниси бар Сюник аймагына АКШнын келишине тынчсыздануусун билдирди. Москва Вашингтонду Армения менен Азербайжандын тынчтык жараянын өз пайдасына чечип, аймактык күчтөрдү четке сүрүүгө аракет кылууда деп айыптады.
"Батыш өлкөлөрү Баку менен Еревандын жарашуу жараянын өз рельсине бурууну көздөп жатышат", - деди Орусия ТИМнин өкүлү Мария Захарова 24-июлдагы маалымат жыйынында.
"Биз мындай рельстер кайда алып барарын жакшы билебиз. Бул чөлкөмдөгү тең салмактуулукка доо кетириши мүмкүн".
Иран да Армения менен чектеш "түндүк чек арасына коркунуч жаратышы мүмкүн" деп, келишимге каршы экенин билдирген.
Өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин жогорку даражалуу кеңешчиси аймактагы жана анын сыртындагы өлкөлөрдү Армениянын аймагы аркылуу Азербайжан үчүн коридор түзбөөгө чакырган.
Шерине