11-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча соттук жараян шектүүлөрдүн бири келбей калгандыктан 15-августка жылдырылды.
Рита Карасартовага козголгон кылмыш ишин тергөө июль айынын башында аяктаган. Укук коргоочунун кызы Касиет Мамырбай кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлганын билдирген. Сот буга байланыштуу комментарий берген эмес.
Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Рита Карасартова кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.
Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.
Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.
Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. (BTo/MiK)
Шерине