Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин дрондордун бири көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда жарылып, бир киши мерт болуп, дагы бир нече тургун жараат алганын билдирди. Дагы бир ишканада жарылуу болуп, аба соккусунан улам өрт башталганы кабарланды. 11-августка караган түнү Нижний Новгород облусундагы мунай ишканасын бутага алган соккудан бир киши набыт болуп, эки киши жараат алганын жергиликтүү бийликтер ырасташты.
Ага удаа Украинадагы согуш башталгандан бери Коми республикасы алгачкы ирет дрондордун чабуулуна кабылды. Кабарларга караганда, аймактагы "Лукойл-Ухтанефтепереработка" ишканасын бутага алган дрондордун бири аймакка кулап, жакын жердеги соода борбору менен мунай ишканасынан адамдар эвакуацияланды. Ишкананын кызматкерлеринин бири Телеграм каналга мунай сакталган цистерналардын биринде жарака кетип, өндүрүшкө зыян келтирилгенин жазды.
Ухта шаарындагы аэропортто айрым каттамдар убактылуу токтотулду. Коми республикасы украин-орус чек арасынан эки миңдей чакырым алыстыкта жайгашкан. Буга чейин аскердик бутага алынган эмес. Республика жетекчилери адамдар арасында жабыркагандар болгон жок деп билдиришти.
Москванын мэри Сергей Собянин дүйшөмбүгө караган түнү кеминде беш дрон асманда атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Орусиянын армиясынын Украинанын Запорожье облусундагы автовокзалга тийген соккусунан 20дан ашуун киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилди.
Шерине