Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Украина боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр тууралуу Путин Жапаровго айтып берди


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Садыр Жапаров 10-августта телефон аркылуу сүйлөшкөн кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Путин Садыр Жапаровго Украинадагы согушту жөнгө салуу маселеси боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берген.

Жапаров бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой турганын айткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта Аляска жолугары кабарланган. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү болору күтүлүүдө.

Буга чейин Путин соңку сүйлөшүүлөр тууралуу Казакстан жана Өзбекстандын президенттери менен талкуулаганы кабарланган.

АКШ жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз өткөн аптада АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага келип, Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң айтылган.

Кыргызстандын бийлиги 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан тарта нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG