
Эл ташыган айдоочулар милдеттүү түрдө лицензия алууга тийиш. Оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташууга, Телеграмдан кардар топтогонго тыюу салынат. Такси кызматына тиешелүү мыйзам 22-августта күчүнө кирип, талапты аткарбагандар айыпка жыгылат.
Жаңы мыйзамга ылайык, сол рулдуу автоунааларга гана эл ташып иштөөгө уруксат берилет. Бул
Бишкек шаарындагы бир катар айдоочуларды убайым чегип турган кези. Буга чейин такси менен үй-бүлөсүн баккандар мындан ары кантип акча табарын билбей жатканын айтышты.
"Көп эле үй-бүлөлөрдө оң рулдуу машине. Убагында арзан автоунааларды алышкан. Азыр башка машина алайын десе каражаттары жок, бир гана насыяга алыш керек. Шаар ичине эмес, алыс аймактарга каттаган таксисттерге киргизсе, жакшы болмок. Азыр эми оң рулдуу машиналардын баасы түшө баштады. 100 миңге арзандады го дейм", - деди атын атагысы келбеген айдоочу.
Лицензиялоо ишин жөнгө салуу жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Самбаев оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө эбак эле тыюу салынганын, аны жөнгө салуу тартиби эми кирип жатканын билдирди:
"Оң рулдуу автоунаалар боюнча мыйзам 2020-жылдын 1-январынан бери күчүнө кирген болчу. Оң рулдуу автоунаалар менен иш алып барууга болбойт. Коммерциялык багытта адам ташууга тыюу салынган болчу. 2015-жылдан бери оң рулдуу унааларды каттоого чектөө коюлган. Бул боюнча ар дайым эскертүүлөр берилип келген".
Жаңы эреже боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат.
Мындан тышкары лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу ишкердик кылса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.
"Элге кызмат көрсөтүп, иш алып барып жаткандан кийин ар бир ишмердүүлүк кылган адам ишкер болуп саналат. Жарандан акчасын алып, кызмат көрсөтүп жаткан соң, мыйзам чегинде лицензия алып, иш алып барышы керек", - дейт Лицензиялоо ишин жөнгө салуу жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынынын башчысы Нурдин Самбаев.
"Эл кыйналды"
Жакында ишке кирчү бул жоболор айдоочуларды тынчсыздандырып жатат. Негизги жумушунан кийин ара-чолодо кошумча акча тапкандар кыйын абалга туш болорун айтып жатышат:
«Эми эл ошентип жан багат да. Мисалы, бензинди 67 сомго көтөрдү. Ал кымбат, газды дагы акырындан кымбаттатып жатышат. Элди ушинтип кыйнап турган болбойт да. Мен мисалы 13-14 литр бензин куям. Бир жакка баратсам, жаныма киши сала кеткен мага ылайыктуу болот. Кичине акча болсо да кайсы бир нерсеме жарап калат. Алсак, бензиниме», - деди өзүн Алмаз деп тааныштырган айдоочу.
Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө 22-августтан тарта бериле баштайт. Акысы жеке жактарга 500, юридикалык жактарга 1000 сом. Лицензиялоо ишин жөнгө салуу жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынынын башчысы Нурдин Самбаев билдиргендей, лицензия 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жыл сайын медициналык кароодон өткөн, унаасын жылына бир жолу техникалык кароодон өткөргөн, соттуулугу жок айдоочуларга берилет.
«Тийиштүү органдар менен биргеликте рейддерди жүргүзүп, лицензияны албагандарды аныктайбыз. Такси кызматында жүргөн ар бир айдоочу сөзсүз автовокзалдардан кетиши керек. Ал жакка дагы көзөмөл жүргүзүлөт. Жолдордо посттор коюлуп, текшерүү жүрүп турат».
Нурдин Самбаев такси кызматкерлеринин сырткы келбетине дагы көңүл буруларын эскертти:
«Дресс-код деген жок, бирок маданиятсыз кийим кийбеши керек».
Жолдо кардар менен чырдашып, тилдеп, унаадан түшүрүп салган такси айдоочуларынын окуялары соцтармактарга жарыяланып келет. Мындан улам айрым шаар тургундары такси кызматын иреттөө бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилешет.
«Кээ бирөө чынында эле аябай жаман мамиле кылат. Аларга кардарга кандай мамиле кылганды алдын ала бир сабак өтүлүшү керек го дейм. Мисалы, Яндексби, Индрайверби жумушка алганда алдын ала үйрөтүп, андан кийин жолго кое бериши керек».
«Эгерде ошондой айдоочулар болсо, мисалы, «кебетең жаккан жок», «сен мага жакпай калдың», «түш» деген болсо, андай айдоочуларды бардык такси кызматтарына албаш керек».
Мыйзам талабын аткарбай такси кызматын уланта берген айдоочулар мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдан соң жоопко тартыла башайт.
Лицензия алуу үчүн жеке жактар арызына төмөнкү документтердин топтомун тиркеши керек болот:
1. Жеке жакты тастыктаган документ;
2. Салык органына катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3. Лицензиялык жыйымдын төлөнгөнүн тастыктаган документ;
4. Жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилик боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими;
5. Баланста, же ыкчам башкарууда болушу же ижарага алуу укугу менен жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну жана айдоочулардын эмгегин коргоону камсыз кылуу боюнча нускама өткөрүү боюнча классы бар юридикалык жак (ташуучу, автопарк) менен түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсү;
6. Автотранспорт каражатын каттоо күбөлүгү;
7. Транспорт каражатын башкарууга укук берген ишеним кат же ижара келишими;
8. Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу акт;
9. Тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүнүнкөчүрмөсү, 3 жылдан кем эмес айдоочу стажы менен.
10. Саламаттык абалын тастыктаган белгиленген формадагы медициналык маалымкат;
11. Соттуулугу тууралуу маалымкат.
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АРЫЗЫНА ТИРКЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР ТОПТОМУ:
Төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү:
1. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2. Лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
3. Жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
4. Унаа каражаттарын пайдаланууга, эмгекти коргоого жана ташуулар коопсуздугуна жооптуу адистердин квалификациясын тастыктаган документтердин (дипломдордун, күбөлүктөрдүн, сертификаттардын) көчүрмөлөрү (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер, контролдук механик жана медик-нарколог);
5. Адистерди дайындоо жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү (эмгек келишими);
6. Өндүрүштүк-техникалык базага ээлик кылуу же башкаруу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсүже техникалык тейлөө жана оңдоо кызматтарын көрсөткөн юридикалык/жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
7. Транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар (каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү, ишеним кат, техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу акт).