Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Салык кызматы банк эсепти соттун чечимисиз текшерүү беренеси алынганын билдирди


Салык кызматы. Иллюстрация
Салык кызматы. Иллюстрация

Мамлекеттик салык кызматы жаңы сунушталып жаткан салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоордогу соттун чечимисиз эле жарандардын каржы операцияларына байкоо жүргүзүү боюнча берене алынып салынганын 8-августта билдирди. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бул демилге ишкерлердин салыктан качуусуна жол бербөө үчүн киргизилгенин, коомчулуктагы талкуудан улам жокко чыгарылганын түшүндүрдү.

“Бул сунуш бардык жеке жактардын эсептери боюнча маалыматты сурап алууну көздөбөйт эле. Учурда көп ишкерлер төлөм жүргүзүүдө жана кабыл алууда ишкердик эсебин эмес, жеке эсебин колдонуп, салык төлөөдөн качкан учурлары бар. Ушундай жагдайда гана ишкерлер колдонгон жеке эсептер боюнча гана банктардан маалымат алуу сунушталып жаткан”, - деди Ысабеков.

Дагы башка түшүндүрмөсүндө ушул эле долбоордо жеке жактардын салыктык карызын банк аркылуу анын эсебинен өндүрүп алуу сунушталып жатат. Бул чара бардык териштирүүлөр жана соттун чечиминен кийин гана ишке ашарын, мындай талап учурда юридикалык жактарга жана ишкерлерге колдонулуп жатканын билдирди.

Бул мыйзам долбоору 7-августта коомдук талкууга коюлган. Мындан улам коомчулукта Салык кызматынын соттун чечими жок эле жарандардын банктык операцияларын көрүүгө укук берилишине нааразы пикирлер айтыла баштаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG