Украин президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу үчүн “аймактарды алмашуу” ыктымалдыгы тууралуу айтканына жооп берди. Ал “Украинанын аймактык маселеси боюнча жооп өлкөнүн Баш мыйзамында бар экенин” белгилеп, украиндер “жерин оккупанттарга бербейт” деп айтты.
“Украина тынчтыкты орното турган реалдуу чечимдерге ачык. Бизге каршы ар бир чечим, Украинанын катышуусу жок кабыл алынган ар бир чечим ошол эле маалда тынчтыкка да каршы. Мындан эч майнап чыкпайт. Бул “өлүк чечимдер” эч качан иштебейт”, - деди Зеленский таңкы билдирүүсүндө.
Ал “чыныгы тынчтык үчүн” Трамп жана башка өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экенин кошумчалады.
Кошмо Штаттардын президенти 8-августта Азербайжан жана Армениянын лидерлери менен жолугушуудан кийин журналисттерге берген маегинде Украинадагы согушту токтотуу үчүн “аймактарды алмашуу” маселеси да каралып жатканын билдирген.
Трамп 15-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Альяскада жолугушарын кабарлады. Ал орус жана украин президенттери менен бирге жолугууну ниеттенгенин айтып, Путин жана Зеленский менен бирге жолугушуу болуп калышын четке каккан жок.
Axios басылмасы Альяскадагы сүйлөшүүдөн мурда АКШнын, Украинанын жана бир катар европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү ушул дем алышта Британияда жолугушууга камынып жатканын жазды. Анда Украина жана НАТОнун бир нече мүчө өлкөсү Трамп Путиндин ок атышууну токтотуу жана Киевдин пикирин эске албай туруп, аймактарды алмашуу боюнча сунушуна макул болушу ыктымал деп тынчсызданып жатканы белгиленген.
Шерине