Бириккен улуттар уюмунун Х соцтармагындагы баракчасына: "Биз Израил армиясы Газада алты палестин кабарчысы баш калкалаган алачыкты бутага алып, аларды өлтүргөнүн эл аралык гуманитардык мыйзамдарды олуттуу түрдө бузуу деп эсептейбиз жана кескин айыптайбыз. Израил ал жердеги бардык жарандарды, журналисттерди урматтап, коргошу керек" деген билдирүү жарыяланды.
БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесиндеги аскердик операциялар башталгандан бери 242 палестин журналисти мерт болду. 11-августта Израил армиясынын аба соккусунан Газа тилкесинде Ал-Жазира телеканалынын беш журналисти каза болду.
"Аш-Шифанын" жанындагы бул операциядан кийин ЦАХАЛ Ал-Жазиранын белгилүү журналисти Анас аш-Шариф "ХАМАСтын террористтик уюгун жетектеген" деп айыптап, аны жоготуунун так максаты болгонун билдирди. Телеканалдын жамааты андай маалыматты четке кагып, журналист согушту чагылдырып өз милдетин аткарганын кайталап келатат.
Газа тилкесинен тараган сүрөт, видеолордон бул күнкү чабуулдан каза болгон журналисттерди жүздөгөн киши чогулуп, акыркы сапарга узатып жатканын көрүүгө болот. Палестинанын желеги, "пресса" деген жазуусу бар кездемелерге оролгон маркумдардын сөөгү Газа шаарындагы Шейх Радван көрүстөнүнө коюлганы кабарланды.