Европа мамлекеттеринин лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын орус президенти Владимир Путин менен Украинадагы согушту токтотууну талкуулоо үчүн жолугуу планын кубаттады.
Ошол эле маалда алар Украина менен Европанын коопсуздугуна байланышкан кызыкчылыкты коргоо зарылдыгын белгилешти.
Бул кызыкчылыктар "Украинанын суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн натыйжалуу коргоого шарт түзүүнү камтыйт" деп жазылган Еврокомиссиянын сайтында жарыяланган лидерлердин биргелешкен билдирүүсүндө.
"Украина өз тагдырын тандоо эркиндигине ээ. Конструктивдүү сүйлөшүүлөр ок атышуулар токтоп же согуштук аракеттер кыскарган шартта гана өтүшү керек. Украинадагы тынчтыкка карай жол Украинанын катышуусуз аныкталууга мүмкүн эмес", – деп жазылган билдирүүдө.
Европанын лидерлери эл аралык чек араларды күчтөп өзгөртүүгө жол берилбеши керектигин айтышты.
"Азыркы чектешкен сызыктар сүйлөшүүлөрдүн баштапкы чекити болууга тийиш", –деп жазылган анда.
Украин президенти Владимир Зеленский Европанын лидерлеринин билдирүүсүн толук колдой турганын айтты.
Буга чейин The Wall Street Journal өз булактарына таянуу менен Украина менен Батыш АКШга согушту токтотуу боюнча планын сунуштаганын кабарлаган.
- 15-августта Аляскада Путин менен жолугарын Трамп 8-августта билдирген.
Шерине