Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Иран Арменияда "Трамптын коридорунун" пайда болушуна каршылыгын билдирди


Али Акбар Велаяти.
Али Акбар Велаяти.

Иран 8-августта АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо кол коюлган Азербайжан менен Армениянын келишиминде каралган, өз чек арасына жакын транспорттук коридордун түзүлүшүнө жол бербей турганын билдирди. Бул тууралуу ишембиде Ирандын жогорку лидеринин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти “Тасним” агенттигине берген маегинде айтты.

"Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу" (Trump Route for International Peace and Prosperity - TRIPP) деп аталган коридордун түзүлүшү Ак үйдө кол коюлган келишимдин негизги бөлүгү болуп саналат жана ал Азербайжан менен анын Нахичеван эксклавын байланыштырат. Макулдашууга ылайык, бул транспорттук артерияны өнүктүрүү укугу АКШга берилет.

Велаятинин айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу “мүмкүн эмес жана ишке ашпайт”, ал эми бул аймак “Трамптын жалданма аскерлери үчүн көрүстөнгө айланат”. Анын билдиришинче, мындай коридор Түштүк Кавказдын коопсуздугуна коркунуч туудурат. “Иран Түштүк Кавказдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Орусия менен болобу же ансызбы, иш алып барарын баса белгилейт. Биздин оюбузча, Орусия да бул коридорго стратегиялык жактан туура келет”, - деди Велаяти.

Тегеран көп жылдан бери аталган Зангезур коридорун түзүүгө каршы чыгып келет. Себеби ал Иранды Армениядан жана Кавказдын калган бөлүгүнөн бөлүп коёт жана ошондой эле чек арасына чет элдик аскерлер жайгашып калат деп кооптонот. “Биз өз кызыкчылыктарыбызды күч колдонуу ыкмалары менен коргоого укуктууубуз”, - деди Велаяти, мурда өткөрүлгөн бир катар аскердик машыгууларды эске салып.

Вашингтондо келишимге кол коюлгандан соң Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: “АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо Түштүк Кавказ республикаларынын лидерлеринин жолугушуусу оң баага татыктуу” деп айтылат. “Түштүк Кавказдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн эң ылайыктуу жолу - бул аймактагы өлкөлөрдүн өздөрү иштеп чыккан жана алардын кошуналары -Орусия, Иран, Түркиянын колдоосу менен ишке ашырылуучу чечимдерди табуу жана ишке ашыруу”,-деп жазылган.

Ирандын башкы дипломатиялык мекемеси Армения менен Азербайжандын ортосундагы “тынчтык келишиминин даярдалып бүткөнүн” кубаттады, бирок “айрыкча орток чек араларга жакын жерде каалаган чет элдик кийлигишүүнүн терс кесепеттерине” тынчсыздануусун билдирди. Мекеме мындай кадамдар “коопсуздукту жана туруктуулукту бузат” деп белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG