“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн аптада Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушуна жакын жерде мыйзамсыз турак-жай жана башка имараттарды мэрия буздура баштады. Калаа бийлиги бул имараттар мыйзамсыз курулганын билдирип, борбордогу башка дагы уруксатсыз салынган имараттар тартипке келтирилерин эскертти. Бирок Көк-Жардагы 172-контурда үй-жай салган жарандар мэриянын бул аракетине нааразы болуп, президентке чейин кайрылууда. Кыргызстанда соңку учурда эң көп айтылган "снос" өнөктүгүнүн Бишкектеги жүрүшү, Көк-Жардагы 172-контурдун тагдыры тууралуу “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз.