Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:36
Украина. Орусиянын чабуулунун кесепети. Харьков, август, 2025-жыл
Украина. Орусиянын чабуулунун кесепети. Харьков, август, 2025-жыл

Орусиянын Москва баштаган аймактарына дрон чабуулу болду. Өлгөндөр, жараат алгандар бар.

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:30

Украина Орусиянын 70тен ашуун дрон чабуулунун мизин кайтарганын билдирди

Украинанын Аба күчтөрү 11-августта Орусия 71 дрон менен чабуул койгонун маалымдады.

12 аппарат алты локацияга тийгени, атып түшүрүлгөн дрон калдыктары дагы бир жайга кулаганы кабарланды.

16:17

Москваны бутага алган жети дрон атып түшүрүлдү

«Москваны көздөй учурулган дагы эки дрон атып түшүрүлдү», — деп мэр Сергей Собянин Телеграмга жазды.

Анын маалыматына караганда, түндөн баштап бүгүн, 11-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:35ке карай жок кылынган дрондор жетиге жетти. Согуш шартында Собяниндин маалыматынын чын-бышыгын тактоо мүмкүн эмес.

16:08

Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин дрондордун бири көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда жарылып, бир киши мерт болуп, дагы бир нече тургун жараат алганын билдирди. Дагы бир ишканада жарылуу болуп, аба соккусунан улам өрт башталганы кабарланды. 11-августка караган түнү Нижний Новгород облусундагы мунай ишканасын бутага алган соккудан бир киши набыт болуп, эки киши жараат алганын жергиликтүү бийликтер ырасташты.

Ага удаа Украинадагы согуш башталгандан бери Коми республикасы алгачкы ирет дрондордун чабуулуна кабылды. Кабарларга караганда, аймактагы "Лукойл-Ухтанефтепереработка" ишканасын бутага алган дрондордун бири аймакка кулап, жакын жердеги соода борбору менен мунай ишканасынан адамдар эвакуацияланды. Ишкананын кызматкерлеринин бири Телеграм каналга мунай сакталган цистерналардын биринде жарака кетип, өндүрүшкө зыян келтирилгенин жазды.

Ухта шаарындагы аэропортто айрым каттамдар убактылуу токтотулду. Коми республикасы украин-орус чек арасынан эки миңдей чакырым алыстыкта жайгашкан. Буга чейин аскердик бутага алынган эмес. Республика жетекчилери адамдар арасында жабыркагандар болгон жок деп билдиришти.

Москванын мэри Сергей Собянин дүйшөмбүгө караган түнү кеминде беш дрон асманда атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Орусиянын армиясынын Украинанын Запорожье облусундагы автовокзалга тийген соккусунан 20дан ашуун киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилди.

11:02

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Садыр Жапаров 10-августта телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Путин Садыр Жапаровго Украинадагы согушту жөнгө салуу маселеси боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берген.

Жапаров бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой турганын айткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта Альяскада жолугары кабарланган. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү болору күтүлүүдө.

Буга чейин Путин соңку сүйлөшүүлөр тууралуу Казакстан жана Өзбекстандын президенттери менен талкуулаганы кабарланган.

АКШ жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз өткөн аптада АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага барып, Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң айтылган.

Кыргызстандын бийлиги 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан тарта нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG